Жалал-Абадда жети жашар балдызына сексуалдык аракеттерди жасаган адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу VB.KG`ге облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 41 жаштагы тургуну жети жашар кызына күйөө баласы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Анын айтымында окуя Жалал-Абад шаарында 1-июнда шектүүнүн автоунаасынын ичинде болгон.
Арыз Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда жашы жете элек кызга карата тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.