Кыргызстанда коронавируска каршы 64 миңден ашуун адам эмделди

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделди. Бул тууралуу 18-майда "Азаттык" радиосуна Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, орусиялык "Спутник V" вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.

24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген Кытайдын Sinopharm вакцинасы да бүтөт.

Андан соң июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келет. Ошондой эле Кытай жана Орусиядан да вакцина алуу макулдашылууда:

"64 миңден ашык адамды эмдедик. Жалпысынан алганда пландалган тартипте эле өтүп жатат. Алгач мугалимдер, медицина кызматкерлери, социалдык тейлөө кызматтарынын өкүлдөрү эмделмек. Аймактарга эми вакцинанын экинчи дозасын жиберүү башталат. Өлкөдөгү 36 миңден ашуун медициналык кызматкердин дээрлик 80% эмделди. Эми июнь айында кийинки фазадагы эмдөө иши башталса жалпы калкты убактылуу чатырларды тигип, чоң-чоң мектеп, стадиондордо эмдей баштасакпы деп жатабыз. Ошондой эле менчик клиникаларга эмдөөгө уруксат берүү да каралууда. Жыл аягына чейин 1 миллиондон ашуун киши эмделиши керек".

Кыргызстанда коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери 1700дөн ашуун киши илдеттин курмандыгы болду. Учурда 4 миңдей киши бул оору менен алпурушуп жатат, алардын 500дөн көбүнүн абалы оор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД