Сарымсак жеп коронавирустан сактанса болобу?

Көпчүлүк социалдык медианын колдонуучулары инфекциянын алдын алуу үчүн сарымсак жегенди сунушташат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сарымсакты айрым микробго каршы касиетке ээ азык катары кабыл алат, бирок ал жаңы коронавирустан коргой тургандыгы жөнүндө эч кандай далил жок.

Сарымсактын өзү эле коркунучтуу эмес - аны дарылоо үчүн колдонгон адамдар дарыгерлердин сунуштарын аткарышса.

Эгерде кимдир бирөө алдын алуунун тигил же бул "элдик" ыкмаларын башкалардан артык көрүп, квалификациялуу адистердин кеңешин четке какса, анда ден-соолукка коркунуч келтириши мүмкүн. Жашылча-жемиштер ден-соолукка пайдалуу, бирок бул жаңы вирус менен инфекцияны алдын алуу үчүн пайдасыз.

Сарымсакты көп жеп коюу маселелерди жаратышы мүмкүн. Мисалы, South China Morning Post гезити жарым килограмм сарымсак жегенден кийин тамак ооруп ооруканага барган бир аял жөнүндө кабарлады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД