Кадамжай районунда баштыктын ичинен ымыркайдын сөөгү табылды

Баткендин Кадамжай районунда баштыктын ичинен ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 16-март күнү саат 18.00 чамасында Кадамжай шаарынын 42жаштагы тургуну өзүнүн малдарын багып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан бир сумка таап алып, ичин караганда жансыз ымыркайдын денеси бар экендигин билдирип, милицияга кабар берген.

Кадамжай РИИБнин жетекчиси ыкчам-тергөө тобу менен аталган жерге барып, сумкада жаткан жансыз дене эркек ымыркай ак материалдар оролгондугун аныкталат. Ошондой эле ымыркай менен кошо сумканын ичинен MI Bend 4 кол сааты табылган.

Бул фактыны Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына каттап, жансыз денеге экспертиза дайындалды.

Азыркы күндө жаш ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД