
Аялдар колониясынын кызматкери кармашып урушуу боюнча чемпион болуп, Кыргызстандын курама командасына кирди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулган республикалык кармашып урушуу боюнча мелдеш аяктады.
Мыкты чеберлер дүйнөлүк чемпионатка, ошондой эле Европа жана Азия чемпионаттарына кийинки мелдештерге катышуу укугуна ээ болушту.
Степной айылындагы №2 мекеменин режимдик-көзөмөл бөлүмүнүн контролеру, 1-даражадагы дипломду жана алтын медаль жеңип алган.
Тактап айтканда, ички кызматтын сержанты Талапбек кызы Алиман бул жетишкендиги менен Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү болуп калды.
Белгилей кетсек, Алиман Талапбек кызы республикалык жана эл аралык сынактарга тынбай катышып, байгелүү орундарды алып келет.