"Акыркы көч" тасмасы Ирандагы "Фажр" фестивалына катышат

Режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" тасмасы Ирандагы Эл аралык "Фажр" кинофестивалынын "Чыгыш келечеги" сынак программасына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Фестиваль гибриддик форматта 26-майдан 2-июнга чейин Тегеранда өтөт. Кыргыз тасмасы Япония, Вьетнам, Кытай, Иран, Корея, Түркия, Иордания, Палестина жана Катар сыяктуу өлкөлөрдүн тасмалары менен биргеликте көрсөтүлөт.

"Акыркы көч" көркөм тасмасы пенсияга чыккан, жалгыз жашаган жазуучунун окуясын баяндайт.

Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы жана "Билимкана" коомдук фондунун жардамы менен тартылган. Анда Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор ойногон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД