Ташиев: Тажик тарап такталбаган жерге кирип өздөштүргөнгө аракет кылууда

Тажик тарап такталбаган жерлерге кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатат. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу эл менен жолугуп жатып айтты.

Ал тажик тарап контейнер койгон жер тактала эле участок экенин, бирок ага карабастан алар ал жерди өздөштүрүүгө аракет кылышууда деди.

Белгилей кетсек, бүгүн таңга маал Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалып, ошол жерге тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтолгон. Кийин тажикстандыктар мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр артка кайтышкан.

Түзүлгөн чыңалуудан улам кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөөгө өтүп, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Алайга учуп барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД