Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Учурда жеринде тиешелүү түзүмдөрдүн жогорку кызмат адамдары жүрөт.
Түзүлгөн чыңалуудан улам кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөөдө.