УКМК: Ошто тик учак кулаган эмес

Ош облусунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу VB.KG`ге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азыр бул маалыматтар такталып, жатат. Биздеги маалымат боюнча учак кулаган эмес авариялык конуу болгон. Камчыбек Ташиев башка тик учак менен учуп барган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин айрым ЖМКлар жеке булактарына таянуу менен Алай районунда абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулаганын жазышкан. Анда тик учактын ичинде 15 адам болгону алардын айрымдары жаракат алганы айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД