Баткенде милиция Нооруз майрамын өткөрүүдө коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Баткен облусунда Нооруз майрамын өткөрүүдө коомдук тартип толугу менен көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы республикалык деңгээлде өткөн Нооруз майрамын өткөрүүдө коомдук коопсуздук камсыздалып жатат. Облус аймагындагы район-шаарлардагы майрамдык иш-чараларда коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту сактап иш алып барып жатат.

Баткен облусунун аймагында коомдук абал туруктуу. Учурда жарандар тарабынан укук бузган фактылар катталган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД