Жалал-Абадда эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында биринчилик өттү

Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинде эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 170тен ашуун жаш спортчу катышып, 14 салмак бирдик боюнча 1-2-3-орунду ээлеген жеңүүчүлөр диплом, медаль жана атайын наамдар менен сыйланды.

Аталган мелдеш "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында уюштурулуп, анын максаты балдардын мекенге болгон патриоттук сезимин күчөтүү жана спорттун эркин күрөш түрүн өспүрүмдөр арасында жайылтуу болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД