Кочкордо милиция кызматкерлери окуучуларга спорттук оюн уюштуруп беришти

Кочкор районунда милиция кызматкерлери окуучуларга спорттук оюн уюштуруп беришти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Нооруз майрамына карата Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, жаштарды сергек жашоого үндөө жана патриоттуулукка тарбиялоо багытында өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага райондун аймагындагы орто мектептеринин окуучулары катышып, бул спорттук мелдеш мектеп аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө жана окуучулар бири-бири менен жакындан таанышууга шарт түзүлүп, оюн кызуу уланып, оюнду уюштуруп берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өтүштү.

Жыйынтыгында катышкан командаларга Кочкор РИИБи тарабынан грамоталар, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле майрамдык иш-чараларга утурлай коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кечки рейд уюштурулуп, кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышып, Кочкор районунда майрамдык иш-чаралар өз денгээлинде тынч өтүп тартип бузууларга жол берилген жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД