Келишим түзүлдү. Бишкекке газ менен жүргөн автобустар келет

Бүгүн, 4-июнда Бишкек мэриясында ISUZU маркасындагы япониялык автобустарды алуу боюнча келишим түзүлдү.

Мэриядан кабарлашкандай, келишимге Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Э. Унукуев менен "Эко Пассажирские перевозки" жеткирүү компаниясынын директору К. Усубаматов кол койду.

Эскерте кетсек, 11-майда Бишкек мэриясы менен "Эко Пассажирские перевозки" компаниясы ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Ага ылайык, "Эко Пассажирские Перевозки" компаниясы ушул жылдын ичинде газ менен жүрө турган япониялык Isuzu үлгүсүндөгү 350 автобусун алып келип, каттамга чыгармак. Келишимде айтылгандай, автобустун биринчи партиясы 1-июлга чейин каттамга чыгышы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД