Коронавирус акыркы суткада 253 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду

Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы ооруканаларда 1 569 бейтап жатат. Алардын ичинен 86 адамдын абалы өтө оор экени айытылды.

Соңку бир сутканын ичинде Кыргызстанда 253 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 315 киши илдеттен сакайып чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Ал эми жети бейтап оорунун кесепетинен каза болду. Алардын экөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда, бирөө Таласта, дагы бирөө Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Көз жумгандардын жалпы саны 1 725 болду.

Оору катталган аймактар:

Бишкек - 120;

Чүй облусу – 84;

Ысык-Көл облусу – 25;

Ош - 8;

Жалал-Абад облусу – 7;

Нарын облусу - 5;

Ош облусу - 4.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктургандар 101 219га жетти.

Ооруну жеңип чыккандар:

Бишкек – 174;

Чүй облусу – 73;

Ысык-Көл облусу – 26;

Ош шаары – 16;

Нарын облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 10;

Ош облусу – 5.

Бүгүнкү статистиканы кошкондо коронавирустан айыккандардын саны 94 483тү түздү.

Ушул тапта өлкө аймагындагы ооруканаларда 1 569 бейтап жатат. Алардын ичинен:

10 адам - канааттандырарлык абалда;

1 065 - орточо оор абалда;

408 - оор абалда;

86 - өтө оор абалда.

Ал эми 2 427 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Акыркы сутка ичинде 5 472 жаранга ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД