Чоң-Алайда 5 айылдын эли эвакуацияланууда

Чоң-Алайда 5 айылдын эли эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундары эвакуацияланып жатат. Алар Дароот-Коргон айылындагы эки орто мектепке, кесиптик лицейге жана мечитке жайгаштырылат.

Эвакуациялоо бүгүн, 4-июнда саат 19:30дар чамасында башталган.

Басма сөз кызматынын кабарлашынча өзгөчө кырдаалдар министри Б. Ажикеев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча башында туруп, эвакуация уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД