Айни көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы жарым-жартылай жабылды

Бишкектин Айни көчөсүнүн бөлүгүндө унаа кыймылы жарым-жартылай жабылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы жылытуу тутумдарын келе жаткан жылытуу мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

"Айни көчөсүндөгү тартылган жылуулук тармактарын Муромский көчөсүнөн тартып Көркөм академиянын аймагына чейин жолду жарым-жартылай тосулушу менен алмаштыруу иштери башталды.

1978-жылы курулган жылуулук тармагынын бөлүгү 1 турак жана 1 турак эмес жайды, №131 балдар бакчасын жана Көркөм сүрөт академиясын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат. Диаметри 50дөн 200 ммге чейин жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн түз жана кайтарым түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД