
5-июнда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен облусунда жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +32...+37
Талас облусунда +29...+34
Баткен облусунда +33...+38
Ош, Жалал-Абад облустарында +33...+38
Ысык-Көл облусунда +23...+28
Нарын облусунда +23...+28
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +34…+36 градуска жетет.