
Бүгүн, 5-июнга карата Бишкекте иш таштаган маршруттук таксилердин айрым айдоочулары ишке чыгышты. Бул туурасында шаардын мэриясынан кабарлашты.
"Айдоочулар акырындан каттамга чыга башташты. Иш таштоо аяктады дегенге эрте, бирок жылыш бар. Биз коопсуздук үчүн укук коргоочуларды, ыктыярчы кошуундарды тарттык", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, кичи автобустун айдоочулары жол кире көтөрүүну талап кылып иш ташташкан.