4-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда болгон учурда, коштоп жүрүүчү унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Жолдун бир бөлүгүндө, Ысык-Көл районунун Ананьево айылына жакын жерде коштоп жүргөн адамдарга бекитилген автоунааны каршы тилкеге чыгып кеткен унаа сүзүп кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыгып кеткен унаанын айдоочусу мас абалда болгон.
Кырсыктын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринин арасынан үчөө жаракат алып, бирөө каза болду.