Коронавирус дагы 413 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

Кыргызстанда 5-июнга карата коронавирус дагы 413 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 157, Ош шаарында – 51, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 164, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 18 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 106 миң 636 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 114 киши айыгып чыкса, 1 миң 842 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД