Бүгүн, 5-июнда Өкмөт үйүнүн алдында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапташтары чогулду. Алар дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны тезирээк таап берүүнү талап кылып жатышат.
Чогулгандар эртең, 6-июнда митинг өткөрбөй турушканын, кийинки митингдер тууралуу социалдык тармактарда билдиришерин айтышты.
Саат 12:00дө митинг аяктаганын жарыялашты. Чогулгандар тарап кетишти.
Саат 11:40. Митингге 500дөн ашуун адам чогулду.
Саат 11:00гө карата митингге чогулган адамдардын саны 400гө жакындады.
Митинг саат 10:00дө башталып, алгач 200дөй адам чогулган. Алар "Сапат" лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери. Ошондой эле "Сапат" лицейинин окуучуларынын ата-энелери дагы бар.
Чогулгандар Орхан Инанды табылмайынча күн сайын Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышарын айтышты.
Орхан Инандынын тарапташтарынын митинги 1-июндан бери уланууда.
1-июнга караган түнү "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.