Баткенде жоокер өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-июнда болгон. Анда чек арада кызмат өтөп жаткан М.Д. аттуу 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып жанын кыйган.
Ал быйыл жазында аскерлердин катарын толуктаган болчу.
Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасы иликтөө иштерин алып барууда.