Сүйлөшүүлөр аяктады. Эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышат

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу "Маралга" ишенимдүү булактар кабарлашты.

Камчыбек Ташиев журналисттерге билдиргендей, тараптар 8 пункттан турган протоколго кол коюшту. Документтин чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат. Учурда тараптар чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашканы белгилүү болду. Ошондой эле, эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 4-июнга караган түнү тажик тарап, мурда жетишилген келишимдерди бузуп, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотконун билдирген.

Андан көп өтпөй, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери контейнерди макулдашылган аймакка жайгаштырдык деп жооп кайтарышкан.

Эске салсак, кечээ, 4-июнда түштөн кийин чек арада эки өлкөнүн УКМКнын башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери чек арадагы кырдаалга байланыштуу нааразычылык ноталары менен алмашышты. Кечинде Кыргызстан Чоң-Алай районунун чек ара айылдарынын жашоочуларын эвакуациялай баштады. 5-июнда түштөн кийин Чек ара кызматы жана Коопсуздук Кеңеши чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калганын билдиришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД