Бакыт Дүйшеев, тренер: Каратэнин негизги философиясы – жакындарын коргоо

Мыкты спортчунун мыкты тренер гана даярдай алат. Ар бир ийгиликтин артында талыкпас эмгек жатат. Каратэ боюнча бир нече жолку өлкө чемпиону, дүйнө чемпиондугунда коло медалдын ээси Бакыт Дүйшеев 14 жылдан бери балдарды тарбиялап келе жатат. Бакыттын окуучулары түрдүү мелдештерде байгелүү орундарды алгандан сырткары, өздөрүнүн мүнөзүн тарбиялап, эркин чыңдап келишет. Vb.kg маалымат агенттигине берген маегинде ал машыктыруучулук тажрыйбасы менен бөлүшүп, каратэдеги басып өткөн жолу тууралуу айтып берди.

Салам алейкум! Маегибизди алгач өзүңүздөн баштасак, качан жана эмне себептен бул спортко келип калдыңыз эле? Бул убакыттын ичинде кандай жетишкендиктерге жеттиңиз? Каратэ сизге эмнеси менен жагат?

Алейкум салам! Менин алгачкы машыга баштаган спортум - бул тхэквондо, 7 жашымдан барып машыга баштагам. 2000-жылы мен 9 жашымда Бишкектин Юг-2 кичирайонуна көчүп келдик, ата-энем үйгө жакын жайгашкан спорт секцияларды издеп, №29 мектептеги каратэ секциясына, Казанов Дмитрий агайга беришкен.

Спорттогу жетишкендиктеримди айтсам: 2009-жылы "Кыргыз Республикасыны спорт чебери" наамын алгам. 2011-жылы Москва шаарында өткөн каратэнин шотокан версиясы боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алгам. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпионумун.

Каратэ абдан кооз спорт десем болот. Так, таамай жана жогорку ылдамдыктагы кол жана бут менен соккуларды жасаганды үйрөтөт. Адамда күч-кубаттулук, шамдагайлык, ылдамдык, ийилчээктик, өзүн-өзү башкаруу сыяктуу физикалык сапаттарды тарбиялайт жана чыңалтат. Кыскасы, бир сөз менен айтканда, менин жан дүйнөмө жакын спорт.

Өзүңүз машыгып баштаган ошол убактагы машыгууну азыркыга салыштырып кетсеңиз. Азыр кандай айырмалар бар?

Мурунку машыгуулар азыркы машыгуулардан албетте, айырмаланат. Азыр машыгуулар жакшы шарттарда, жумшак маттын (татами) үстүндө өтөт, керектүү бүт жабдыктар бар. Мурун каратэ менен машыгуу чоң балдарга ылайыктуу болчу деп ойлойм. Башкасын айтпайын, жөнөкөй эле нерсе, биз жыгач же бетон полдун үстүндө машыкчубуз.

Менин байкашымча, каратэ адамга күчтүү, чыдамкай болууга үйрөткөндөн сырткары, башкаларды сыйлаганды да үйрөтөт. Мисалга, жүгүнүүнүн өзү эле адамды текебер болуп кетүүдөн кармайт деп ойлойм. Каратэ мындан сырткары адамга дагы эмнени үйрөтөт? Негизи эле каратэнин философиясы эмнеде жатат?

Каратэнин негизги философиясы – бирөөгө зыян келтирүү эмес, тескерисинче өзүн өзү, үй-бүлөсүн, жакындарын коргоо.

Ооба, каратэ адамды тарбиялайт. Ал эми жүгүнүүнүн себеби – каратэ Япониядан чыккан спорт болгонуна, япон элинин маданиятына байланыштуу. Алар бири бирине аябай сый-урмат менен мамиле кылышат, ошондуктан бири бири менен жүгүнүп учурашышат экен. Мисалга, 2018-жылы жаштар арасында Азия чемпиондугуна катышуу үчүн Японияга барганбыз. Аэропорттон япондор тосуп алып, мейманканага жайгаштырышты. Интернет керек эле, ошого сим-карта сатып алайын деп көчөгө чыктым. Чыксак бир бала велосипед тээп келе жатыптыр, токтотуп, андан өзүнүн телефонундагы Гугл котормочу аркылуу котортуп, кайдан сим-карта алсак болот деп сурадык. Ал жумушуна шашып баратыптыр, бирок, бизге убактысын бөлүп, 600-700 метрдей ээрчитип барып, сим-карта алгандан кийин аны телефонубузга орнотуп, кантип иштетишти көрсөтүп берди. Шашып жатканы билинип эле турду, улам-улам колундагы саатын карап коет. Бирок, ошентсе да бизге жардам берип, анан кетти. Ошондо анын өзү жумушуна кечигип жатса да, тааныбаган эле бирөөлөргө жардам бергенине таң калганмын.

Азыр каратэнин көп түрлөрү бар экен. Силердики кандай аталат, жана ал техникасы, окутуу методикасы жагынан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

Туура айтасыз, азыркы күндө каратэнин 70тен ашык түрү бар. Бирок WKF ( World karate federation) версиясы 1999-жылы Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан таанылган. 2016-жылы болсо Олимпиадалык оюндардын спорт түрүнө кирген. Биздики каратэ WKF деп аталат. Буга каратэнин негизги 4 стили кирген. Алар: Шотокан, Ситорю, Вадорю жана Годзюрю.

Жакында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышкан WKF Bishkek Open-2022 турнири өттү, ошондо сиздердин "Кейхацу" клубу биринчи орунду ээледи. Мындай ийгиликтерге жетүүнүн сыры эмнеде?

Ооба, мелдеш февраль айында өтүп, ага 3 мамлекеттен 1100дөн ашуун спортчу катышты. Муну менен аталган мелдеш 14-жолу өтүп жатат. Биздин "Кейхацу" клубубуз жалпы командалык эсепте биринчи орунду жеңип алдык. Мындай ийгиликке жетүүнүн себеби, биздин клубдагы машыктыруучуларыбыздын талыкпас эмгеги деп ойлойм. Биздин клубдун жетекчиси жана башкы машыктыруучусу Казанов Дмитрий өзүнүн айланасына мыкты машыктыруучуларды топтоп, алар спортчуларды жогорку деңгээлде таптап-тарбиялап, жакшы команда түптөп алганынын жыйынтыгы деп ойлойм.

Сиздин окуучуларыңыздын арасында эл аралык деңгээлдеги ири мелдештерде ийгилик жараткандар барбы?

Албетте! Жаш балдар арасында көптөгөн эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон окуучуларым көп. Мисалга, Калыс Нурланбек уулу аттуу окуучум 2017-жылы өткөн Азия чемпиондугунда кадеттер арасында күмүш медаль, 2021-жылы КМШ мамлекеттеринин биринчи оюндарында алтын медаль, 2021-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль жеңген. Эмир Абдыгулов деген окуучум 2019-жылы Венецияда өткөн дүйнөлүк лигада коло медаль уткан. Назим Нурланов аттуу окуучум 2021-жылы Азия чемпионатында жаштар арасында коло медаль утса, Сезим Эсенкулова аттуу окуучум 2021-жылы өткөн Азия чемпионатында юниорлор арасында коло медаль жеңген. Мындан башка абройлуу мелдештерде байгелүү орундарды алган окуучуларым көп.

Каратэ Олимпиада оюндарынын катарына кирди. Биздин өлкөнүн 2024-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия утуп алууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Каратэ Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын тизмесине кирип, мелдештер өттү. Бирок, тилекке каршы 2024-жылы өтүүчү Париж Олимпиадасына кирбей калды, анткен менен 2026-жылы Сенегалдын Дакар шаарында өтүүчү жаштар арасындагы Жайкы Олимпиада оюндарына кирди. 2028-жылы өтүүчү Олимпиадага кирип калышы мүмкүн болуп турат. Ошол Олимпиада оюндарына лицензия алууга биздин спортчулардын толук мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм.

Машыктыруучулук карьераңыздагы эң эсте калган окуя деп кайсы учурду айта аласыз?

Негизи эле машыктыруучулук кесип мен үчүн өтө кызыктуу жана өзгөчө! Бул мен үчүн кесип деп да айта албайм, андан да маанилүү, өзүмдү арнап койгон нерсе, орусча айтканда "призвание". Эсте калган учурлар окуучуларымдын чоң мелдештердеги жараткан ийгиликтери го деп ойлойм! Ошол убактагы кубануу же тескерсинче капа болгон учурлар! Анан балдар менен иштөөнүн өзү чоң жоопкерчилик. Мисалга, чет өлкөлөрдө өткөн мелдештерге балдарды коркпой эле алып кете берчүбүз. Тренер болуп иштеп баштаганыма 5-6 жыл болуп калганда, бир ирет чана тээп келели деп балдарды тоого алып баргам. Баллон менен түшүп келе жатып жыгылып, башы менен катуу түшүп, 20-30 секундадай эсин жоготуп койду. Аябай коркуп кеттим, ошондо балдар менен иштөө өтө жоопкерчиликтүү экенин сезгем. Балдардын өмүрүнө, коопсуздугуна жооптуу экенимди билгем.

Бийиктиктерди багындырууну каалаган спортчуларга кандай кеңеш берип кетесиз?

Талыкпас эмгек кылгыла демекчимин. Эч нерсеге карабай алдыга койгон максаттарга түз гана бара бергиле! Азыр шарттар бар, болгону кыйынчылыктарга чыдап, талыкпай машыгып, күч-аракетиңерди жумшап, мээнет кылгыла! Анын жемиши сөзсүз кайтат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД