Таласта кызды өлтүргөн шектүү өз жанын кыйды

Таластын Кара-Буура районунда автоунаанын ичинен 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды, аны өлтүрүүгө шектелген 19 жаштагы улан өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 4-июнь күнү, болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ Тез жардам кызматы Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат берген.

"Окуя болгон жерге барган милиционерлер токтоп турган автоунаанын ичинен болжолдуу түрдө октон жаракат алып көз жумган аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун Жаңы-Жер айылынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Машина райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайына киргизилип, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иштеринин негизинде кылмышка шектүү бүгүн, 5-июнда, болжол менен саат 07:00дө табылып, ал милиционерлер барган учурда асынып каза болгондугу аныкталган.

"Шектүү А.Т. 19 жашта, Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары райондук милициянын тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу жаран алып келинип, анын кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД