Айбек Осмонов Садыр Жапаровго катуу кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

--"Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Учурдагы борбор калаабыздын көйгөйү болгон маршруттук каттамдын токтошу шаардык тургундардын, өзгөчө карапайым калктын катмарын түйшүккө салды. Сиз учурда акимдерди ротациялоо жолу менен иш алып барып, жакшы өзгөрүштөрдү киргизип жатасыз. Мындан ары да чон өзгөрүүлөр болот деген ишеничтебиз. Ал эми өзүңүзгө белгилүү болгондой Ош шаарынын аянты Бишкек шаарына караганда чоң, ал эми күйүүчү майдын баасы Ош шаарында 2 сомго кымбат. Маршруттук таксинин жол кире баасы 10 сом, окуучуларга 5 сом. Ошого карабай маршруттук каттам толугу менен үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ош-Бишкек шаарларынын мэрлеринин ротациялашынышы да учурдун талабына ылайык десек болот. Татыктуу чечимдерди кабыл алат деген ниеттебиз.

Урматым менен Осмонов Айбек Жапарович", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД