Баткен облусунан дагы 100 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

05.06.2021.

Баткен облусунан дагы 100 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин колдоосу менен, Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында болуп өткөн куралдуу жаңжалда жабыркаган үй бүлөлөрдүн балдары эс алууга жөнөтүлдү.

Чек ара аймактарынан чогулган 100 бала жана 15 мугалим,бүгүн 5-июнда Ош аэропорту аркылуу учуп кетишти.

Белгилей кетсек буга чейин да Баткен облусунан биринчи этапта 146 бала, экинчи этапта 70 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД