Бишкекте велосезондун салтанаттуу ачылышы болуп өттү

Кечээ, 3-апрелде Бишкектеги Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багында Дене тарбия жана спорт күнүнө арналган "Сергек жашоо – Дени сак муун" урааны астында 2022-жылкы велосезондун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Расмий ачылышка "Вело Friends Позитив KG" АКнын президенти Данил Кыдыралиев, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов катышты.

Жарышка ошондой эле иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн байгелерин ойнотууга 700гө жакын велосипедчилер катышты.

Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД