Мал базарда ири суммада акча уурдагандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 34 жаштагы тургуну 2021-жылдын 4-июнь күнү саат 6.30дар чамасында Халмион айылындагы "Баяман-Баатыр" базарынын жанындагы мал базарда көтөрүп жүргөн сумкасынан белгисиз адамдар 144000сом акчасын уурдагандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 38 жаштагы С.Ж. жана 29 жаштагы С.А. аттуу тургундары кылмышка шектүү катары кармалып, уурдалган акча өз ээсине кайтарылган.
Азыр шектүү 2 жаран убактылуу кармоо жайына алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.