Орхан Инандынын жубайы: Менин билишимче жолдошум элчиликте кармалып турат

Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды Бишкектеги Түркиянын элчилигинде болуусу мүмкүн. Бул тууралуу анын жубайы Рейхан Инандынын социалдык тармактагы кайрылуусунда айтылат.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча, жолдошум Түркиянын элчилигинин имаратында кармалып турат. Аны кыйнап, кыргыз жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жаздырып, Кыргызстандан бүгүн-эртең алып чыгып кетет экен. Ушак дейин десем, дал ушундай жол менен "Себат" системасында иштеген мугалимдерди дүйнөнүн ар кайсы жагынан террорист деген жалган жалаа менен Түркияга алып кетип жатышканын интернеттен көрсөңөр болот. Урматтуу кыргыз элим, Орхан Инанды кыргыз жараны, жүрөгү кыргыз деп согот. Аны Түркияга бербөөңүздөрдү суранам. Урматтуу президент, "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер, аны сактап калууга жардам бергиле", - деген Рейхан Инанды өз кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, "Сапат" билим берүү мекемелеринин түптөөчүсү Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болууда.

Президент аны издөөгө өзгөчө көңүл бурууну талап кылса, Инандынын жакындары ал тууралуу маалыматка 1 млн доллар сый акы жарыялашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД