Жакшы кыз таппай эки балалуу келинге баш коштум...

Мындан беш жыл мурун бир кыз менен сүйлөшүп калдым. Жакшынакай, арык, уялчаак кыз эле. . Бир күнү "үйлөнөлү" десем жок деп эле болбой койду. Себебин айтпай кетип калды. Кийин мага смс жазды "менин 2 балам бар кечир" дептир. Ишенбей кызыктай эле болуп олтуруп калдым. Эртеси жумушуна барып күтүп чыкканда машинага салып алып сурадым баарын айтып берди. Күйөөсү экинчи баласы боюнда барда каза болуп калыптыр. Ойлонбой эле үйлөнөм дедим аны жоготкум келбеди.

Баарына көзүм жумуп үйлөнүп алдым. Ата-энем башында нааразы болду. Гүлзина жакшы келин болуп чыкты. Катары менен эки уул төрөп берди. Азыр бактылуу үй-бүлөбүз. "Кызга бергис жубан бар" деген кеп бекер жеринен чыкпаса керек деп кээде макалдарга маани берип калчу болдум.

Артур


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД