Өлкө чемпионатында байгелүү орун алган ЖАК спецназынын кызматкери сыйланды

ЖАКнын атайын багыттагы отрядынын жоокери Кыргызстандын чемпионатында жеңүүчүлөрдүн бири болду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте өлкөнүн жети облусунан, ошондой эле Ош шаарынан жана борбор калаадан келген спортчулардын ортосундагы армиянын кармашып урушу боюнча мелдеши аяктады.

Эркектер жана кыз-келиндердин арасында өткөн таймашка жалпысынан 180 спортчу катышты.

Азия, дүйнө жана КМШ чемпионаттарына катышуу үчүн республикалык команданын курамын түзүү боюнча турнир Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин колдоосунда өткөрүлдү.

Жарандардын, спорт клубдарынын, ошондой эле бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн куралган спортчулар: УКМКнын, ИИМ, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын, Ички аскерлердин, Чек ара кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы катышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдүн бири болуп "Омега" отрядынын жоокери и/к прапорщиги Мамасалиев Руслан 3-орунга ээ болду. Ал эми ЖАК төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиевдин колунан спорттук сыйлык жана диплом гана эмес, татыктуу "Кайрат" медалын да алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД