Рахман Разыков каза болду

Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду.

Маалыматка ылайык, куудул бүгүн эртең менен Ош шаарында ооруканадан каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн түштөн кийин жерге берилет.

Өмүр баяны:

Куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.

Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, "Таң жылдызы" деген топту негиздеген. Кийин "Бешилик", "Беш кемпир" топторун түзгөн.

1987-жылы Рахман Разыков жубайы Диля менен баш кошуп, Чолпон деген кыздуу жана Дастан деген уулдуу болушкан. Куудулдун мурдагы никесинен 3 баласы бар.

Рахман Разыков куудулдук өнөрүнөн сырткары көптөгөн тасмаларга тартылган. Ал "Түндүктүк келин" тасмасында айыл башчынын образын мыкты ачып бере алган.

"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн эмгек жамааты Рахман Разыковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД