Бишкекте Чоң Чүй каналынан 5-июнда эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 102 кызматына Биринчи май районунун Комунаров көчөсүнөн болжол менен 40-50 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарындагы Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барды. Алар сөөктү суудан алып чыгып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.