Жогорку Кеңештин комитетинде Орхан Инанды боюнча маалымат угулат

7-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча маалымат угулат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында 10 маселе каралат. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы угулат. "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин мөөнөткө визасыз режим киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД