Канзаада Гарри жана жубайы Меган кыздуу болушту

Канзаада Гарри менен анын жубайы Меган Маркл кыздуу болушканын жарыялашты. Ата-энеси кызына Лилибет деген ат койгон, азыр үйдө.

Лилибет "Лили" Диана Маунтбаттен-Виндзор өткөн жума күнү, 4-июнда Калифорниянын Санта-Барбара шаарындагы төрөтканада жарык дүйнөгө келген.

Елизавета Экинчинин ата-энеси аны үйдө эркелетип Лилибет деп атаган. Ымыркайдын экинчи ысымы Диана канзааданын апасынын элесине арналып коюлган.

"Биз дүйнөнүн булуң-бурчунан келип жаткан мээримге толгон куттуктоолорго чексиз ыраазыбыз. Бизге колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн рахмат!"– деди Гарри менен Меган.

Лили – канайымдын он биринчи небереси жана сегизинчи так мураскери.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ата-энени перзенттүү болушу менен куттуктады.

Канзаада Гарри жана жубайы Меган Маркл өткөн жылы расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан жана АКШга көчүп кетишкен. Бирок алар Сассекс герцогу жана герцогинясы деген титулдарын сактап калышкан.

Канзаада Гарри менен таанымал америкалык актриса Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөн. Бир уулду тарбиялап жатышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД