Жалал-Абадда өз жанын кыюуга аракет кылган аялды жергиликтүү тургундар куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта ылайык, окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында болгон. Анда 1985-жылы төрөлгөн аял өз жанын кыюу максатында Көк-Арт дарыясына боюн таштаган. Анын бул аракетин байкап калган жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары окуя болгон жерге барып, аялды милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.