Бишкекте бир катар жолдор оңдолот (Тизме)

Бишкек шаарынын мэриясы жакында тогуз көчөнүн жолу жана жети көчөнүн тротуары оңдоло турганын билдирди.

Ремонт жасала турган жолдордун узундугу 8,6 чакырым. Алар төмөнкүлөр:

Месарош көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчиновго чейинки бөлүгү;

Эр-Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешиктен Репинге чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

Жунусалиев көчөсүнүн Эр-Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

Садыбакасов көчөсүнүн Эр-Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

Курултай көчөсүнүн Магистралдан Кожомкуловго чейинки бөлүгү (Ынтымак конушу);

Ак-Ордо көчөсүнүн Барпы Алыкуловдон Тагай-Бийге чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу)

Шералиев көчөсүнүн 18-көчөсүнөн Түндүккө чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суудан Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү;

Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү.

Ал эми жасала турган тротуарлардын узундугу 13,1 чакырым. Алар төмөнкүлөр:

Тагай бий көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордого чейинки бөлүгү (чыгыш тарабы);

Садырбаев көчөсүнүн Семетейден Жайыл баатырга чейинки бөлүгү (батыш тарабы);

Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);

Өмүр көчөсү Барпы Алыкуловдон Кырк-Кызга чейин (түндүк тарабы);

Чүй проспектисинин Бейшеналиевден Жаш Гвардияга чейинки бөлүгү (эки тарабы тең);

Алтымышев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);

Асаналиев көчөсү Гагаринден темир жол линиясына чейин (эки тарабы тең).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД