Футбол: Бүгүн Кыргызстан Монголия менен беттешет

Бүгүн, 7-июнда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Кыргызстан Монголия менен оюн өткөрөт.

Беттеш Осака шаарындагы "Янмар Стэдиум" стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.

Оюнду "КТРК Спорт", "Кыргыз Спорт" каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

Буга чейин Кыргызстан Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Монголия менен ойногон. Анда Кыргызстан атаандаштарын 2:1 эсебинде жеңип алган.

Бул беттештен тышкары Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат: 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 6 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 6 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Бирок "Ак шумкарлар" азырынча 5 гана беттеш өткөргөн. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (3 упай) ээлөөдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД