
17-апрелде дуатлон боюнча өтүүчү мелдешке байланыштуу борбор калаанын эки көчөсүндө жол кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара шаардын түштүк тарабындагы "Ынтымак" паркында, Масалиев жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Мелдештин веложарыш этабына байланыштуу саат 07:10дөн 12:30га чейин Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабы Ч.Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, ошондой эле Токтоналиев көчөсүнүн Безымяннаядан Масалиевге чейинки бөлүгү жабылат. Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабы чыгыш багыты боюнча гана унаа кыймылы үчүн ачык болот, батыш багытындагы унаа кыймылы үчүн Ахунбаев көчөсүн бойлой жабык тилкеден айланып өтүү зарыл.
"Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңузду суранабыз", - деп айтылат маалыматта.