Шашылыш билдирүү: Бүгүн-эртең күн катуу ысыйт

6-7-июнда күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, күндүз абанын температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 37…39°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД