Улуттук курамдын капитаны Валерий Кичин Монголияга каршы оюнда ойнобойт

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин Монголияга каршы оюнда ойнобойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, улуттук кураманын коргоочусу Валерий Кичин соңку Тажикстан менен болгон оюнда эки сары айып кагазын алган. Буга ылайык, ФИФАнын Тартип комитетинин чечими менен алдыдагы Монголия менен боло турган беттештен четтетилген.

Ал эми бул беттеште кураманы капитан катары Мирлан Мурзаев жетектеп чыгат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамы бүгүн, 7-июнда 2022-жылы өтүүчү дүйнө кубогуна тандоо турунун алкагында Монголияга каршы ойнойт. Оюн Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталат.

Оюнду "КТРК Спорт", "Кыргыз Спорт" каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД