Зулушев: үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөргө жаза күчөтүлөт

Жазык-укук жаатындагы мыйзамдарга жана кодекстерге киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук бир жылдын ичинде эки же андан ашык кайталанса ал кылмыш болуп саналат.

Кылмышкерге карата беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралды. Мындай маалыматты Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр коомдук жумуштарга тартылып, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында түзүлгөн эксперттик жумуш тобу иштеп чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД