Анжелика: эптегенге дагы бийлик өкүлдөрү көнүп бара жатат

Ырчы, жеке ишкер Анжелика Кайратова бийлик өкүлдөрүнө, мэрияга айдоочуларды бир тартипке салуу боюнча кайрылуусун инстаграм баракчасына жүктөдү. Анда агынан жарылган ырчы айдоочуларды окутуу керектигин, керек болсо курс уюштуруп бере тургандыгын жар салды.

Баягы эле эл эптеп жатат.

"Эптегенге дагы бийлик өкүлдөрү көнүп бара жатат!!! Чыдамкай элим, унчукпай анан бир жарылып кетип жатпайбы.

Жарылаардан мурун кагаз бетине сунуштарды жазып, талаптарга мөөнөт коюп, анан эл менен чогуу талаптарды чечүү керек.

Биринчи, таксисттерди иреттеп алса мэрия! Психикалык жактан жабыр тарткандар арасында бар! Салык, соцфонддорду төлөгөнү тууралуу маалыматтар ай сайын айнегине чапталсын! Күбөлүк алсын! Аты жөнү менен таксын! Кардарлар менен сүйлөшкөндү үйрөнүшсүн. Же, акысыз курстарды уюштуруп берем ( уялбашсын баргандан).

Маршруткалар 20сом болсун , мейли . Акчам аз дегендер автобус менен троллейбус тандашсын! Бирок, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди бекер ташысын! Пенсионер , окуучуларга 50% арзандатуу кылып, ылдамдыктарына чектөө болсун! Жол эрежесин бузгандары штрафтарды эки эсе төлөсүн. Коом түзүшүп, көзөмөлгө алган компания болсун !!!

Тейлөө кызматтагылар маданияттуу кийинишсин!"-деп жазган ырчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД