
Талас областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын арасында кызмат учурунда каза болгон милициянын кенже сержанты Байсалов Самат Замирбековичтин жаркын элесине арналган улуттук күрөш боюнча турнир өткөрүлдү. Ага Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Осмонбеков Жаныбек, ИИОнун өздүк курамы жана маркумдун атасы катышты. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы. билдирди.
Маалыматка караганда, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиционер айдоочусу милициянын кенже сержанты Байсалов Самат Замирбекович 2009-жылдын 11-июнь күнү кызмат учурунда өзүнүн кызматтык милдетин аткаруунун үстүндө окуя болгон жерге чакыруу түшкөндөн улам ыкчам топ менен бирге барган учурда кара ниет кылмышкердин колунан каза тапкан.
Осмонбеков Жаныбек :Ички иштер органынын катарына жаңыдан кызмат өтөп жаткан жаш кызматкердин алдыга койгон максаты өзүнүн Ата-Мекенинин бейпилдигин көзүнүн карегиндей сактап, кылмыштуулукка жана укук бузууга бөгөт коюу эле, бирок тилекке каршы ал ою ишке ашпай калды.
Байсалов Саматтын жаркын элеси ар дайым ар бир кызматкердин жүрөгүндө сакталып эч качан эстен чыкпайт-деди өз сөзүндө.