Футбол: Кыргызстан Монголияга каршы дарбазачысыз ойнойт

Монголияга каршы оюнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамынын дарбазасын коргоочу Айзар Акматов тосот. Бул тууралуу Оюн башталарда жарыяланган командалардын курамынан кийин белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жалпы машыктыруучулардын штабы, оюнчулардан Бекжан Сагынбаев жана 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кадырбеков Кутман, Кашуба Валерий коронавирус илдетин жуктуруп алган болуусу мүмкүн деп шектелүүдө.

Буга байланыштуу Монголияга каршы оюнда техникалык утулууну алдын алуу үчүн дарбазачы катары коргоочу Айзар Акматов ойной турган болгон.

"Жалпы команданын коронавируска терс тесттине карабай, кырдаалга байланыштуу дарбазада коргоочу Айзар Акматов ойнойт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД