Он мүнөттө бөлмөнү кантип иреттөө керек?

Үйүңүзгө күтүүсүз конок келе жаткан учурда чачылган үйүңүздү 10 мүнөт аралыгында жыйнай салууга эң натыйжалуу кеңештерди сунуштайбыз.

Каалганын кире беришинде турган шкаф, үстөл, бут койгуч же кийим илгичтин иреттүү болуусу талапка ылайык. Ал үчүн мээлей, баш кийим, бут кийим же ачкычтарды өз ордуларына коюңуз.

Чаң соргуч менен бат- баттан төшөлмөнү, килемди тазалаңыз. Сыналгынын жана жазуу үстөлү, текчелердин чаңын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, чачылган бумдардын баарын бир баштыкка салып, көзгө урунбаган жайга коё туруңуз. Андан кийин терезени ачып бөлмөнү желдетиңиз.

Жуулбаган идиштерге убактыңыз жетишпей жатса, анда баарын жыйнап козгө урунбаган шкафка салып коёңуз. Мындан сырткары дагы башка чачылган буюмдарды шкафка салып, кол жуугучту таза жууп коюңуз. Ал эми башка ашкана буюмдарын үстүртөн нымдуу чүпүрөк менен бир сыйра сүртүп чыгыңыз.

Чачылып жаткан кийим- кече менен оюнчуктарды баштыкка салып, шкафка бекитиңиз.

Үй тазалаган чүпүрөк же шыпыргы кармап, кир халат менен келген конокторду тосуп алуу туура эмес. Андыктан жогорудагы иштериңизди бүтөөр замат, дароо таза, тыкан кийим кийиңиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД