
ЖАКнын полковниги мурда жашыруун болуп келген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактады. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Окуу борборунун башчысы, отставкадагы полковник Болотбек Абдрахманов "XX кылымдын 30-жылдарындагы Кыргызстандын жазалоо органдарынын репрессиялык чаралары. Себептери жана кесепеттери" -деген уникалдуу темада докторлук диссертациясын жактады.
Бул Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин диссертациялык кеңешинин жыйынында болду. Биздин кесиптешибиз тарых илимдеринин доктору деген татыктуу наамга ээ болду.
Маанилүү окуяны Болотбек Жумашевичти тааныгандардын баары жылуу кабыл алышты. ЖАКнын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев илимдин жаңы докторун кызуу куттуктап, бардык бөлүм башчыларынын катышуусунда "Кадырман" медалын тапшырды.
Кесиптештери агайга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана илимий ишмердигине жемиштүү ийгиликтерди каалашты.
Ал үч жылдан бери улуттук коопсуздук органдарынын экс-кызматкери катары КРнын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борборун жетектеп келет.
Белгилей кетсек, Болот Жумашевич өзү изилдеп жаткан маселенин чыныгы адиси. 2021-жылдын июнь айында ЖАКда анын авторлоштору менен фундаменталдык эмгегинин – "Кыргыз Республикасынын саясий репрессияларынын курмандыктарынын китеби (1920-1953)" презентациясы болгон. 10 томдук, анын ичинде сталиндик жылдарда жапа чеккен дээрлик 20 миң адам жөнүндө уникалдуу маалыматтар камтылнан.
Б.Абдрахманов: "Басылманын негизги максаты – тоталитаризм доорундагы чындыкты жарыялоо, жаманатты болгон элдин жакшы атын калыбына келтирүү. Биздин топ 1938-жылдын ноябрь айында 19 улуттун өкүлдөрүнүн 138 атуулунун сөөгү Фрунзе шаарынын айланасындагы кирпич чыккан чуңкурга ыргытылганын аныкталган. 1991-жылы гана сөөктөрдү аза күтүү менен кайра жерге берүү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болгон.
- Доктордук диссертация - Чоң-Таштагы жашыруун көмүлгөн жер табылгандан кийин баштаган көп жылдык эмгегимдин логикалык тыянагы, - дейт Болот Жумашевич. - Алардын арасында мамлекетибиздин негиздөөчүлөрү, советтик партиялык жетекчилер, чарбалык кызматкерлер, коомдук ишмерлер, интеллигенция, илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү, чыныгы элита бар. Курмандыктар Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Ишеналы Арабаев, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Эркинбек Эсенаманов, Иманалы Айдарбеков, Асанкан Жээнбаев жана башка көптөгөн адамдар болушкан.
Москвадагы СССР КГБсынын Жогорку мектебин бүтүргөндөн кийин бул жаш капитан Болот Абдрахманов үчүн анын өмүр баянында чоң бурулуш болду.
- Ошол кездеги Чоң-Таштын сырынын ачыкка чыгышы көптөгөн мекендештерибиздин мурда "эл душманы" саналып келген жакындарынын тагдырын тактоо өтүнүчү менен жабык архивдерге кайрылууга түрткөн, дейт Болот Жумашевич. - Эл Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин тарыхта эч кандай "ак тактар" калбасын деп үмүттөнүшкөн. Ал эми КР КГБсынын төрагасы Анарбек Бакаевдин тапшырмасы менен жазыксыз репрессияга кабылгандардын адилеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн архивден документтерди издей баштадым.
Мен комитеттин жетекчилигин бул биринчи кезекте өзүбүз үчүн зарыл деп ынандырдым, - дейт Болот Абдрахманов. Биз НКВДнын кызматкерлерин кысымга алуунун мыйзамсыз ыкмаларын айыптап, өткөн кайгылуу окуялардан сабак алып, мурунку каталарды кайталоого жол берилбестигин жана азыркы Кыргызстанда жазалоочу органдардын практикасына кайтуу жок экенин бардыгына көрсөтөлү. Мындай түшүнүк биздин өлкөнүн бардык күч органдарына тиешелүү болушу керек, деп жыйынтыктады Болот Абдрахманов.