Бишкек мэриясы: маршрутка айдагандар толугу менен ишке чыкты

Бишкектеги маршрутка айдоочулары ишке чыккандыгын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек мэриясы Өзбекстанда чыгарылган япониялык үлгүдөгү ISUZU автобустарын сатып алуу боюнча келишимге кол койду

Белгилей кетсек, кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.

Ишемби күнү, 5-июнда, Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Эртеси акырындан шаардыктарды ташып, ишке чыга башташкан.

Жол кире Бишкек шаардык кеңеши чечим кабыл алган убакка чейин мурункудай эле 10 сом бойдон калмай болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД