Депутат парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн экенин айтты

епутат Дастан Бекешев парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда телеграм каналына жарыялады.

"Кечээ мен президенттик администрациянын сайтына жарыяланган мыйзам долбоорун окуп чыктым. Бул мыйзам долбоору VII чакырылыштын депутаттарын шайлоого байланыштуу. Мыйзам долбоорунан түшүнгөнүмдөй, парламенттик шайлоо 31-октябрда өтөт. 35 орун бир мандаттуу адамдар, башкача айтканда, округдарда көрсөтүлө тургандар, өлкө боюнча 35 шайлоо округу болот, бир округдан депутат өзүн өзү көрсөтүү жолу менен же партия аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн. 55 орун партиялар аркылуу, бир партия бардык 55 орунду ээлей алат", - деди Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД